Ссылки доступа

Нур-Султанда ыктымал митингдердин алдында активисттерди кармоо уланууда


Нур-Султанда акыркы бир нече күндүн ичинде кеминде беш активист 20 суткага чейинки мөөнөткө административдик камакка алынды.

29-июнда шаардын райондор аралык административдик соту тынч жыйындарды жана митингдерди өткөрүү тартибин бузуу айыбы менен жарандык активисттер Нурлан Алтынбаев менен Айдар Сыздыковду камакка алуу чечим чыгарды.

Алтынбаев 14-июнда АКШ элчилигинин алдындагы акцияга катышканы үчүн 10 суткага камакка алынды. Соттун чечиминде ал "тынч жыйындарды өткөрүү тартибин кайталап бузганы" үчүн соттолгону жазылган. Алтынбаев сотто бул айыптоону четке кагып, эч кандай жыйын уюштурбаганын, болгону конституциялык укугун пайдаланганын билдирди. 58 жаштагы Нурлан Алтынбаев былтыр сентябрда да тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу айыбы менен беш суткага камалган. Быйыл январда "каттоого алынбаган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышканы үчүн" 103 миң теңге өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

36 жаштагы Айдар Сыздыков "коомдук иш-чараларды өткөрүү тартибин бузганы үчүн" соттолду. Соттун чечиминде ал 11-июнда Facebook баракчасына "12-13-июнь күндөрү Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларындагы митингдерге катышуу" чакырыгын бөлүшкөнү жазылган. Июндун башында Нур-Султан соту "экстремисттик деп табылган уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу жана ага катышуу" айыбы менен Айдар Сыздыковдун эркиндигин үч жылга чектеген. Мындан тышкары активисттин беш жыл коомдук-саясий ишмердүүлүккө аралашуусуна, митингдерге, жыйындарга катышуусуна жана социалдык түйүндөргө билдирүүлөрдү жазуусуна тыюу салынган.

Полиция бозгундагы оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун демилгеси менен 6-июлда өткөрүү пландалып жаткан митингдердин алдында оппозициялык топтордун тарапташтарын алдын ала кармай баштады.

29-июнда Нур-Султанда активист Айжан Абенова "тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу" айыбы менен 15 суткага камакка алынган.

28-июнда Нур-Султанда активисттер Марат Мусабаев менен Кайыргелды Нургалиев кармалган. Полиция кызматкерлери алардын бирин көчөдө баратканда, экинчисин үйүнөн кармап кетишкен. 14-июнда АКШ элчилигинин алдындагы "мыйзамсыз" акцияга катышуу айыбы менен Нургалиев 15 суткага, Мусабаев 20 суткага камакка алынган.

6-июлда Казакстанда Борбор шаардын күнү менен катар өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү да белгиленет.

XS
SM
MD
LG