Ссылки доступа

АКШ Ооганстанда жарандык согуш башталып кетиши мүмкүн экенин эскертти


АКШнын Ооганстандагы эл аралык күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Остин Скотт Миллер.
АКШнын Ооганстандагы эл аралык күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Остин Скотт Миллер.

АКШнын Ооганстандагы эл аралык күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Остин Скотт Миллер Ооганстандагы жаңжалдын курчушу бул өлкөнү жарандык согушка алып келиши ыктымал экенин айтты.

Миллердин билдиришинче, радикалдуу "Талибан" кыймылынын Ооганстандагы жаңы аймактарды өтө тездик менен басып алышы бул өлкө менен чектеш жашаган башка мамлекеттерди тынчсыздандырышы керек.

БУУнун маалыматы боюнча 1-майдан – НАТО аскерлерин чыгара баштагандан бери талибдер Ооганстандын 370 уездинин 50сүн өз көзөмөлүнө алды. Тажикстан менен чектеш Тахор провинциясындагы Чахеб, Янги-Калъа, Даркад, Дашти-Кала, Хожагор уезддери, Кундуз провинциясындагы Дашти-Арчи, Имом-Сохиб жана Калаи-Зол уездери, "Шерхон-Бандар" жана "Көкүл" көзөмөл өткөрмө бекеттери талибдердин көзөлүнө өткөн.

Генерал Миллер 29-июнда Кабулда өткөн маалымат жыйында "Озоди" радиосунун "Талибандын" позицияларына чабуул жасоо уланышы мүмкүнбү деген суроосуна жооп берип жатып, талибдер бул чабуулдардын уланышын каалабаса, бардык аскердик операцияларын токтотушу керек экенин айтты.

Буга жооп иретинде "Талибан" кыймылынын маалымат катчысы Забехулло Муджохид АКШ Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүнү создуктуруу менен Катарда жетишилген келишимди бузуп жатканын айтты. "Бул макулдашууга ылайык, АКШ "Талибанга" каршы операция жасай албайт, эгер келишимди бузушса, катаал жооп алууга даяр болушсун", - деп белгиледи ал.

14-апрелде АКШнын президенти Жо Байден 11-сентябрга чейин Ооганстандагы америкалык аскерлер толугу менен чыгарыларын жарылаган.

XS
SM
MD
LG