Ссылки доступа

Нур-Султанда ачкачылык жарыялаган активисттер бийликке кайрылуу жолдошту


30-июнда Нур-Султанда он күндөн бери ачкачылык жарыялап жаткан жарандык активисттер Казакстан президенти Токаевге, эл аралык жана казакстандык укук коргоо умдарына, дипломатиялык миссияларга кайрылуу жолдошуп, акцияларына көңүл бурууну сурашты.

Катта активисттер Конституциялык кеңештен “Казакстандын демократиялык тандоосу” менен “Көчө партиясы” кыймылдарын экстремисттик уюм деп жарыялаган Есил райондук сотунун чечимине укуктук баа берүүнү, бул кыймылдарды Европарламенттин резолюциясында аталгандай “тынч оппозициялык кыймыл” деп таанууну сурашкан.

Өткөн жумада Алматы, Нур-Султан, Орол, Чымкент шаарларында жана Түркстан облусунда жашаган 20 активист "Көчө партиясын" каттоодон баш тартуу боюнча былтыр кабыл алган соттун чечимине каршылык билдирип ачкачылык жарыялаган.

Казакстан соту “Казакстандын демократиялык тандоосу” менен “Көчө партиясы” кыймылдарын 2018 жана 2020-жылдары “экстремисттик уюм” деп таанып, ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG