Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек фондунун уставдык капиталын 200 млн. долларга жеткирүү пландалууда


Парламент 30-июнда Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимдин ратификациясын экинчи окууда карады. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, бул фонддун 50 млн. доллар уставдык капиталын өзбек тарап каржылайт.

Акырындык менен бул сумманы 200 млн. долларга чейин жеткирүү пландалууда. Ошол эле маалда кордун башкы кеңсеси Бишкекте жайгашат.

Фонддун максаты –Кыргызстан экономикасынын приоритеттүү секторлорундагы долбоорлорду, маселен, агроөндүрүш комплексин, тигүү жана текстиль, тоо-кен жана металлургия өндүрүшүн колдоо. Мындан тышкары транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетикалык комплекс жана туризм тармагында иштеген субъектилер да насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Кыргыз-өзбек фондун түзүү жөнүндө келишимге 2020-жылы декабрда эки өлкөнүн вице-премьерлери макулдашып, документке президент Садыр Жапаров 11-мартта Өзбекстанга расмий сапар менен барганда кол коюлган.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG