Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө "КЕЗБИ" компаниясынын жумушчуларынын иш таштоосу уланууда


Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында эмгек шартын жакшыртууну жана маянаны көбөйтүүнү талап кылып жаткан "КЕЗБИ" мунай-сервис компаниясынын 600дөй жумушчусунун иш таштоосу уланууда.

Мунайчылардын айтымында, 30-июнда макулдашуу комиссиясы менен жүргөн сүйлөшүүлөр кечке чейин созулуп, бирок алар каалагандай жыйынтык берген эмес.

Буга байланыштуу 1-июлда жумушчулар кайрадан компаниянын Жаңы-Өзөндөгү кеңсесинин алдына чогулушкан.

"КЕЗБИ" компаниясынын 600дөй жумушчусу 30-июнда эртең менен иш таштаган.

Алар эмгек шартын жакшыртуу жана маянаны жогорулатуудан тышкары сыйакы төлөө системасын кайра карап чыгууну, майрам күндөр менен зыяндуу аймактагы жумуш үчүн кошумча акы төлөөнү, жумушчуларга эмгек стажына жараша карьералык жогорулоо үчүн мүмкүнчүлүк түзүүнү, ден соолукту чыңдоо борборлоруна барууну уюштурууну, стандарттарга туура келген шаймандар менен камсыздоону, ошондой эле алар түзгөн кесиптик кошуундун ишине кийлигишпөөнү талап кылышууда.

"КЕЗБИ" компаниясы 1992-жылы түзүлгөн. Ал Мангистау облусундагы мунай компанияларына скважиналарды оңдоо боюнча кызмат көрсөтөт. Компанияда 27 бригада бар, 1200дөй киши иштейт.

XS
SM
MD
LG