Ссылки доступа

Орусияда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн барган жумушчулар манжа издерин тапшырууга милдеттендирилди


Владимир Путин Орусияга жарандары визасыз кире турган өлкөлөрдөн үч айдан узак убакытка барган жумушчуларды манжа издерин тапшырууга жана жугуштуу оорулары жок экенин ырастаган маалымкаттарды көрсөтүүгө милдеттендирген мыйзамга кол койду.

Документ укуктук маалыматтардын расмий порталына жарыяланды. Анда мыйзам биринчи кезекте Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү болору белгиленген.

Мыйзам долбооруна ылайык, жумушчулардын Орусияда жүрүүсү алардын эмгек келишимдеринин мөөнөттөрү менен чектелет. Жумуш берүүчү менен мөөнөтсүз келишим түзүлгөн учурда алардын Орусия аймагында жүрүү мөөнөтү бир жыл деп белгиленип, аны узартууга мүмкүнчүлүк берилет.

Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта документ улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн даярдалганы жазылган. Анда Орусиянын аймагында ЕАЭБ жарандарынын саламаттыгын көзөмөлдөө чарасы "фрагментардык" деп аталган.

Видео

Видео

Олимпиада: Кыргызстан бир күндө эки медал алды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
XS
SM
MD
LG