Ссылки доступа

Казак диссиденти кармалгандан кийин ден соолугу начарлап ооруканага жеткирилди


Алматыда белгилүү оппозициячыл саясатчы жана диссидент Жасарал Куанышалин 1-июлда кармалып, кийинчерээк ооруканага жеткирилди. Саясатчынын кабарлашынча, дарыгерлер анын баш бармагы чыгып кеткенин жана кан басымы жогорулаганын аныкташкан.

Бейшемби күнү түштөн кийин жарандык кийимчен үч адам Куанышалинди үйүнүн алдынан кармап, номуру жок унаага отургузуп, күч менен алып кеткен. Саясатчы кармалган учурду андан маек алуу үчүн барган Qazaq Times сайтынын журналисттери видеого тартып алышкан.

Куанышалин полиция бөлүмүндө бир нече саат кармалганын, кийинчерээк аны тез жардам унаасы менен шаардык ооруканага алып келишкенин, гипертониялык кризистен улам бир сааттан ашык капельница алганын билдирди. Үйүнө аны түнкү саат 11 чамасында жеткиришкен.

Жасарал Куанышалин Казакстандын демокртиялык уюмунун ардагери. Быйыл февралда саясий туткундарды коргоо боюнча коомдук комитет түзгөнүн жарыялаган. Комитетке укук коргоочулар, журналисттер, активисттер кирет. Уюм Шинжаңдан качып келгендердин укугун да коргой турганын билдирген.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG