Ссылки доступа

Ташкентте кайрадан Covid-борборлор ачылууда


Эпидемиологиялык абал начарлаганына байланыштуу Өзбекстандын борборунда кайрадан Сovid-борборлор ачылууда.

Ташкент администрациясынын маалымат кызматы жарыялаган видеодо шаар башчысы Жахонгир Артикхожаев «Ёшлик» спорттук комплексиндеги Сovid-борборго барганын көрүүгө болот.

Жалпысынан ушул сыяктуу үч борбордо 2000 бейтап үчүн орун камдоо пландалууда.

Өзбекстанда Covid-борборлор былтыр ноябрь-декабрда жабылган. Быйыл апрелде вирус жайылып жатканына байланыштуу айрым жерлерде мындай жайлар кайрадан ачылган.

Өткөн аптада Инновация министрлиги өлкөдө коронавирустун тез тараган жана жугуштуу «Дельта» штаммы табылганын кабарлаган. Буга улай Атайын республикалык комиссия 28-июнда карантиндик чектөөлөрдү күчөткөн.

XS
SM
MD
LG