Тажикстандагы белгилүү дарыгердин өлүмүнүн себептери расмий кабарланган жок.
Мансурова былтыр май айында коронавирус инфекциясы күчөп турганда өлкөдө дарыгерлер жана медициналык жабдуулар жетишсиз болуп жатканын айтып чыккан.
1977-жылдан 2008-жылга чейин Гастроэнтерология институтунда иштеген Мансурова медицина илимдеринин доктору даражасына жетип, 2003-жылы Тажикстан Илимдер академиясынын Е.Павловский атындагы сыйлыгын алган.
Тажик басылмалары акыркы жумаларда өлкөдө кеминде ондогон киши коронавирустан көз жумганын кабарлашты.