Ссылки доступа

Тажикстанда коронавируска каршы милдеттүү эмдөө киргизилди


Душанбе аэропорту
Душанбе аэропорту

Тажикстандын бийлиги 18 жаштан жогорку жарандарды сөзсүз эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирди.

Коронавируска каршы республикалык штаб чет өлкөлөрдөн келген жарандарды ПЧР-тесттин жыйынтыгынан көз карандысыз түрдө 10 күн бою үйдөн чыкпоого чакырды. Штаб ошондой эле аш-тойлордо адамдардын санын чектөөнү сунуш кылды.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий саны жогору эмес. Саламаттык сактоо министрлиги 2-июлда 25 адам илдетке чалдыкканын, эки киши оорудан көз жумганын кабарлады.

Тажикстанда пандемия башталгандан бери коронавируска 13,5 миңдей адам чалдыгып, 92 киши оорудан каза тапкан. Көз карандысыз эксперттер чыныгы көрсөткүчтөр алда канча көп болушу ыктымалдыгын айтып келишет.

Өлкөдө эмдөөдө Индияда чыгарылган AstraZeneca жана Кытайдын CoronaVac вакциналары колдонулуп жатат.

XS
SM
MD
LG