Ссылки доступа

COVID-19: Казакстанда сутка ичинде аныкталган жаңы учурлар боюнча рекорд экинчи күн катары менен жаңыланды


Өткөн суткада Казакстанда 3031 кишиге коронавирус жукканы лабораториялык жол менен аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, бул коронавирус жайыла баштагандан бери сутка ичинде аныкталган жаңы учурлар боюнча өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч.

Казакстанда рекорддук көрсөткүч экинчи күн катары менен жаңыланууда. Күн мурун өлкөдө 3003 кишиден коронавирус аныкталганы кабарланган.

Расмий маалыматтарга ылайык, былтыр марттан бери Казакстанда коронавирус жукканы лабораториялык жол менен аныкталгандардын саны 436 962 кишиге жетти.

3-июлда өлкөдө COVID-19дун белгилери бар, бирок ПЧР-тести таза чыккан 82 «коронавирустук пневмония» учуру аныкталган. Бийлик былтыр августтан бери мындай учурларды өзүнчө эсептей баштап, жалпысынан 57 428 кишиге “коронавирустук пневмония” деген диагноз коюлган.

Өткөн ишемби күнү Казакстанда коронавирустан 25, “коронавирустук пневмониядан” эки бейтаптын өлүмү катталган. Муну менен пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустан өлгөндөр 4469, “пневмониядан” каза болгондор 3465 кишиге жетти.

Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда коронавируска каршы вакцинанын бир дозасын алгандар 1 миллион 771 миңге, эки дозасын тең алгандар 2 миллион 190 миң кишиге жетти. Өлкө эмдөө үчүн Орусиянын «Спутник V» жана жергиликтүү QazVac вакциналарын колдонуп жатат.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG