Жүрүштүн уюштуруучулары бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат беште Руставели проспектисине акцияга чыгуу ниетин билдиришкен. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, жүрүшкө каршы болгон ондогон киши ЛГБТ-жүрүшүнүн уюштуруучулары отурган бейөкмөт уюмдун кеңсесинин алдына барышты. Полиция алардын имараттын ичине кирүүсүнө жол берген жок.
5-июлда парламент имаратынын алдындагы аянтта ЛГБТ-жүрүшүнө каршы адамдар бир нече журналист менен операторго кол салышты. Алар олуттуу жаракаттарды алышкан жок. Кол салгандар “Грузияда журналисттер ЛГБТ-коомчулугунун идеяларын пропагандалап жатышканын” айтышты.
Өлкөнүн премьер-министри Ираклий Гарибашивили баш калаанын борборунда ЛГБТ жүрүшүн өткөрүүнү пайдасыз деп атаган. Анын айтымында, акция жарандык каршылашууга алып келиши мүмкүн.
"Бул – Грузия, биздин өзүбүздүн каада-салтыбыз, тартиптерибиз бар. Өлкө калкынын көбү мындай акцияларды өткөрүүгө каршы, бирок бардык жарандардын конституциялык укуктары корголот", – деген премьер-министр.