Ссылки доступа

Тбилисиде "Азаттыктын" грузин кызматынын журналисттери кол салууга кабылды


Дато Коридзе менен Торнике Мандария
Дато Коридзе менен Торнике Мандария

Грузиянын борбору Тбилиси шаарындагы БУУнун өкүлчүлүгүнүн алдында "Азаттыктын" грузин кызматынын журналисттери Торнике Мандария менен Дато Коридзе кол салууга кабылышты. Алар журналисттик милдеттерин аткарып жүрүшкөн.

Маалыматка караганда, журналисттердин колдонуп жүргөн техникасы зыянга учураган.

Тбилисиде 5-июлда сексуалдык азчылыктардын жүрүшүнүн алдында башаламандык орун алды. Буга чейин Грузия парламентинде да айрым журналисттер сабалганы кабарланган. Аларга ультраконсервативдүү жана радикалдык кыймылдын мүчөлөру кол салышкан.

Грузиянын Ички иштер министрлиги журналисттерге кол салуу боюнча кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG