Ссылки доступа

Алматыда полиция Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топтун тарапташтарын курчоого алды


Алматыда полиция кызматкерлери Спорт ордосунун алдына чогулган Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топтун тарапташтарын курчоого алды.

Түшкө жакын өлкөдө каттоодон өтпөгөн Демокартиялык партиянын тарапташтары Спорт ордосунун алдына митингге чогулушкан. Алардын алдына чыккан жергиликтүү акимчиликтин өкүлү бул жыйын "мыйзамсыз" экенин билдиргенден кийин чогулгандар нааразы болуп, активист Жанболат Мамай аларды митингдин ордуна жүрүш өткөрүүгө чакырган.

Чогулгандар жолдун карама-каршы бөлүгүнө өткөндө атайын кызматтын өкүлдөрү аларды курчап, колундагы плакаттарды тартып алышты. Учурда алар полиция кызматкерлеринин курчоосунда эч жакка жыла албай турушат.

Түшкү саат 13:00гө карата атайын кызмат өкүлдөрүнүн курчоосунда жүзгө жакын киши турганы кабарланган. Алар кезектешип кыйкырып, түрдүү ураандар менен чакырыктарды айтып жатышат. Чогулгандардын арасында “Назарбаев, кет!” деп кыйкыргандар да болууда.

"Эл баалардын жогорулаганынан, кургакчылыктан жана эпидемиядан кыйналып жатса өлкөдө экс-президентке эстелик орнотулууда. Назарбаев кетсин! Эки жылда эч кандай жыйынтык көрсөтпөгөн Токаев кетсин!" – деди Жанболат Мамай.

Активист Абзал Достияров премьер-министр Аскар Маминдин өкмөтүн сындап, аткарылбай жаткан иштер үчүн "саясий жоопкерчилик Назарбаев менен Токаевде экенин" билдирди.

Видео

Видео

Олимпиада: Кыргызстан бир күндө эки медал алды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
XS
SM
MD
LG