Ссылки доступа

Тажик бийлиги өлкөдө COVID-19дан дагы эки бейтап каза болгонун ырастады


Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан дагы эки киши каза болгонун ырастады.

Мекеменин маалыматына караганда, 5-июлда өлкөдө COVID-19 жуктурган жаңы 26 учур катталып, 17 киши сакайып чыкты.

«Өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 13 623кө жетип, алардын 13 382си (98,2%) айыгып чыкты», - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери Тажикстанда COVID-19 дан 95 бейтап көз жумду. Бирок бейрасмий булактар бул вирустан өлгөндөр кыйла көп экенин айтып келишет.

Тажикстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар бар экенин былтыр апрелдин аягында гана ырастаган. Өкмөт быйыл январь айынан июндун аягына чейин өлкөдө COVID-19 жуктурган бир да жаңы учур катталбаганын айтып келген. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча штаб COVID-19га кабылгандар каттала баштаганын 21-июнда гана расмий ырастаган.

Тажикстанда жарандар коронавирустан каза болуп жатканы тууралуу маалыматтар социалдык түйүндөрдө жана ЖМКларда жазылып келет. Акыркы бир айдын ичинде эле бул вирустан көз жумган ондогон кишинин, анын ичинде белгилүү адамдардын аты-жөнү жарыяланган. Бийлик мындай маалыматтарды төгүндөбөй да, ырастабай да келет.

Видео

Видео

Талас: чек арада жоголгон жылкы табылбайт
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:01 0:00
XS
SM
MD
LG