Ссылки доступа

Өзбекстанда коомдук жайларда хижаб кийип жүрүүгө уруксат берилди


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Ыйман жана диний уюмдардын эркиндиги тууралуу" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Мыйзамдын жаңы редакциясында коомдук жайларда диний кийимдерди кийип жүрүүгө салынган тыюу алынган. Анткени мыйзамдын учурдагы актыларында "диний кийим" түшүнүгүнүн укуктук аныктамасы жок. Буга чейин бул тема Өзбекстанда көптөгөн жылдардан бери түрдүү талкууларды жаратып келген.

Документке ылайык, диний уюмдарды каттоо жана алардын ишмердүүлүгүн токтотуу тартиптери да жөнөкөйлөштүрүлөт. Алсак, жергиликтүү диний уюмдарды түзүү боюнча демилгечи боло турган адамдарды саны азайтылат. Эми жергиликтүү диний уюм түзүүдө 18 жашка толгон 50дөн кем эмес жарандын колу жетиштүү болот.

Мындан тышкары диний уюмдун борбордук башкаруу органын жана окуу жайларын ачуу үчүн 100 демилгечи болушу керек деген талап жоюлду. Ошол эле маалда диний уюм түзүүдө буга чейинкидей маале тургундарынын жыйынын өткөрүп, алардын макулдугун алуу зарылдыгы да жокко чыгарылды.

XS
SM
MD
LG