Ссылки доступа

Алматыда Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топтун үч тарапташы кармалды


Алматыда полиция кызматкерлери курчоого алган Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топтун үч тарапташы кармалып, экөө жаракат алды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына аталган топтун лидери Жанболат Мамайдын жубайы Инга Иманбай билдирди.

— Активисттер полиция кызматкерлеринин курчоосунда жети сааттан ашык турушту. Андан соң биздин нааразылыгыбызга карабастан, күч менен курчоодогу Ырысбек Токтасынды, Даурен Достияровду жана Уалихан деген кишини кармап кетишти. Азырынча алардын кайсыл полиция бөлүмүнө жеткирилгени белгисиз болууда, —деди Иманбай.

Анын айтымында, мындан тышкары курчоодо калган активисттер Абзал Достияров менен Темиртас Нигматуллаев жаракат алып, аларга тез жардам чакырылган.

— Тез жардам келип, “Мээңиз чайкалган болушу мүмкүн, биз менен кетиңиз”, деп айтышты. Бирок мен баш тарттым. Азыр жаагым ооруп, демим кысылып жатат. Полиция бизди кысып, катарыбыздагы аялдарга күч колдоно баштады. Биз чыдабай каршылык көрсөттүк. Ошол маалда күч кызматкерлери бизди жерге жаткырып, тепкилешти, Абзалды [Достияров] да тепкилешти. Азыр ал менин жанымда, буту-колу сыйрылган. Дагы үч кишини сабап, андан соң унаага салып кетишти, — деп билдирди Нигматуллаев.

Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топ өз тарапташтарын 6-июлда өкмөткө каршы митингдерге чыгууга чакырган. Бул күнү өлкөдө Борбор калаанын күнү жана өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү белгиленди.

Түшкө жакын полиция кызматкерлери Спорт ордосунун алдына топтолгон ондогон кишини курчоого алган.

Нааразылык акциянын катышуучулары өкмөттүн саясатына, өлкө экономикасындагы Кытайдын таасиринин күчөп жатышына жана баалардын жогорулашына каршы пикирлерин айтып, «Назарбаев, кет!», «Өкмөт отставкага кетсин!» деп кыйкырышкан.

Видео

Видео

Олимпиада: Кыргызстан бир күндө эки медал алды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
XS
SM
MD
LG