Ссылки доступа

ЕБ беларус бийлигинен Виктор Бабарикону тез арада бошотууну талап кылды


Виктор Бабарико

Европа биримдиги 6-июлда беларус бийлигинен Виктор Бабарикону жана "өздөрүнүн негизги укуктары үчүн күрөшкөнү үчүн соттолгон" башка адамдарды тез арада бошотууну талап кылды.

Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин өкүлү Петер Станонун билдирүүсүндө 6-июлда 14 жылга соттолгон Виктор Бабарико “өзүнүн саясий укугун пайдаланып, президенттик шайлоого катышууга аракет кылганы үчүн гана” камалганы белгиленген.

“Бул жакында эле негизсиз жана адилетсиз чыгарылган башка 125 саясий иш боюнча чыгарылган өкүлдөрдүн бирөө гана. Алар жабык эшик артында жана бардык тиешелүү жол-жоболор сакталбастан өткөрүлгөн”, — деп жазылган Станонун билдирүүсүндө.

Беларустун Жогорку соту президенттикке талапкерлигин коюп, бирок каттоодон өтпөй калган оппозиционер Виктор Бабарикону 6-июлда 14 жылга эркинен ажыраткан. “Белгазпромбанктын” мурдагы башчысы "ири өлчөмдө пара алуу жана кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча айыптуу деп табылды. Мындан тышкары ага 5 миң базалык айлык акы өлчөмүндө айып пул салынып, 5 жылга чейин жетекчилик кызматтарды ээлөөгө тыюу салынды.

Виктор Бабарико соттук териштирүү учурунда көрсөтмө берүүдөн баш тартып, кылмыш ишин саясий мотив менен токулган деп мүнөздөгөн. Ал 2020-жылы президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, бирок Беларустун шайлоо комиссиясынан каттоосунан өтпөй калган.

Бабарико “Белгазпромбанкты” 20 жыл башкарып, шайлоо өнөктүгүнүн алдында кызматын тапшырган.

Видео

Видео

850 килограммдык бука. Бишкектеги “AгроТехЭкспо2021”
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00
XS
SM
MD
LG