Ссылки доступа

Алматыда Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топтун эки тарапташы 10 суткага камалды


Алматынын райондор аралык административдик соту Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топтун 6-июлда кармалган эки активистин — Ырысбек Токтасын менен Даурен Достияровду 10 суткадан камакка алуу чечимин кабыл алды.

Аларга карата “Майда бейбаштык” беренеси боюнча административдик протокол түзүлгөн. Соттун өкүмүндө айыпталуучулар 6-июлда өткөн митингде “уят сөздөрдү айтып, коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын бузганы” жазылган. Сотто Токтасын бул айыптоолорду четке какты. Достияров күнөөсүн жарым жартылай мойнуна алган.

Активисттер менен чогуу полициянын курчоосунда турганда кармалган дагы бир жаран да ушундай эле мөөнөткө камалганы кабарланууда.

Демократиядык партия түзүү боюнча демилгелүү топтун лидери Жанболат Мамайдын жубайы Инга Иманбай полиция кызматкерлери аларды 6-июлда 22:30дарга чейин курчап, эч жакка жылдырбай кармап турушканын билдирди.

Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топ өз тарапташтарын 6-июлда өкмөткө каршы митингдерге чыгууга чакырган. Бул күнү өлкөдө Борбор шаардын күнү менен катар өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү да белгиленди.

6-июлда түшкө жакын полиция кызматкерлери митинг өткөрүү үчүн Спорт ордосунун алдына топтолгон ондогон кишини курчоого алган. Андан чыгууга аракет кылган бир нече киши жаракат алганы кабарланган.

Нааразылык акциянын катышуучулары өкмөттүн саясатына, өлкө экономикасындагы Кытайдын таасиринин күчөп жатышына жана баалардын жогорулашына каршы пикирлерин айтып, «Назарбаев, кет!», «Өкмөт отставкага кетсин!» деп кыйкырышкан.

XS
SM
MD
LG