Ссылки доступа

Орусияда Кыргызстандын өтүнүчү менен кармалган тажик жараны бошотулду


Фуркат Абдуфаттоев

Башкыртстанда Кыргызстандын өтүнүчү менен кармалган Ворух анклавынын жашоочусу Фуркат Абдуфаттоев убактылуу кармоочу жайдан бошотулду.

Кыргыз бийлиги аны "2019-жылы июлда айылдаштары менен бирге Ворух жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы жолду тосуп, чек арага жакын аймакта башаламандыктын чыгышына түрткү болгон" деп айыптоодо.

Абдуфаттоевдин жакындарынын айтымында, ал 6-июлда аймактан чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бирок 2-августта сотто аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралат.

Абдуфаттоев быйыл 1-февралда Кыргызстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган. Андан бери анын камактагы мөөнөтү төрт жолу узартылган.

Абдуфаттоев өзү жана анын жакындары ал эч бир чек ара чырына катышпаганын билдирип келишет.

Жыл башында Ворухтун дагы бир тургуну – Диловар Жураев Бишкетин өтүнүчү менен Орусияда кармалган. Айрым маалыматтарга караганда, кыргыз бийлиги Ворухтун 23 жашоочусуна эл аралык издөө жарыялаган.

Ал арада Тажикстандын бийлиги да чек ара мыйзамдарын бузуу айыбы менен бир нече кыргыз жаранын издөөгө алган. 18-апрелде Орусиянын Нижний Новгород аэропортунда Баткен облусунун тургуну Эсенбай Мажитов кармалган. Тажикстан бийлиги аны былтыр май айында чек ара жаңжалы учурунда жасалган кылмыш үчүн айыптап, анын экстрадициясын талап кылууда.

Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын Тажикстандын Чорку айылы менен чектеш аймакта турат. Өткөн жылы чек арада чыр чыкканда эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөт жана жергиликтүү элдин колдоосу менен үй-жайы калыбына келтирилген.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG