Ссылки доступа

Алматыда Glovo сервисинин иш таштаган курьерлери жол тороого аракет кылышты


7-июлда Алматыда Glovo сервисинин ондогон курьери эмгек шарттарын жакшыртуу талабы менен иш таштады.

Алар жетекчиликке базалык төлөмдү көбөйтүү, бонус төлөө системасын өзгөртүүжана жол кырсыктарынан камсыздандыруу өңдүү 23 талапты коюшкан.

Алгач 50гө жакын курьер өздөрү иштеген жердеги менеджерлерден тиешелүү жооп ала албагандан кийин компаниянын борбордук кеңсесине барышкан.

— Биз сүйлөшкөн менеджерлер маселени чече албай тургандыктарын айтышты. Ошондуктан биз башкы кеңсеге келип, жетекчилик менен сүйлөшүүгө аракет кылдык. Бирок ал жактан да талаптарыбызга жооп болгон жок, — деди Женис Орыналиев аттуу акция катышуучусу.

"Vласть" сайтынын маалыматына караганда, курьерлер борбордук кеңсенин алдында бир сааттан ашык убакыт турушту. Бирок алардын алдына Бостандык районунун акиминин орун басарынан башка эч ким чыккан жок. Аткаминер чогулгандарга келишим шарттарына макул болбосо сотко кайрылышса болорун айтты.

Курьерлер компания жетекчилиги менен жолуга албай койгондон кийин, күндүн экинчи жарымында шаардагы көчөлөрдүн бирин тороого аракет кылышты. Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеолордон скутер айдаган курьерлер жолдун ортосуна топтолуп, сигнал берип жатышканын көрүүгө болот. Кадрларга ылайык, жол бөгөө узакка созулган эмес.

Түшкөн кийин Glovo компаниясынын Казакстадагы өкүлчүлүгү пресс-релиз таратты.

"Эгер жакынкы убакта буйрутмаларды аткаруу үчүн бериле турган бонустар көбөйтүлсө, анда базалык төлөм өзгөрүүсүз калат. Төлөө системасы боюнча макулдашууга алдын-ала кол коюлат. Система менен макул болбогон учурларда өнөктөш башка компания менен кызматташууну тандап алуу укугуна ээ", — деп жазылган пресс-релизде.

Май айынын аягында тамак-аш жана азык-түлүк жеткирүүчү Wolt сервисинин курьерлери да мурдагы төлөм тарифтерин кайтаруу талабы менен иш ташташкан. Анда жетекчилик курьерлердин талаптарын "убактылуу" аткаргандан кийин алар кайра жумушка кайтышкан.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG