Ссылки доступа

Тажикстанда сегиз жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин зордукчулар үчүн жазаны күчөтүүнү талап кылышууда


Руфейда Иноятова

Тажикстанда сегиз жаштагы Руфейда Иноятованын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомдо чоң резонанс жаратты. Социалдык түйүн колдонуучулары менен жарандык активисттер зордукчулар үчүн жазаны күчөтүүнү талап кылышууда.

Маалыматка караганда, окуя Рудаки районунун Навобод айылында 4-июлда болгон. Кыздын жакындарынын айтымында, ал чоң энесинин үйүнөн 20-30 метр алыстыкта жайгашкан ажатканага кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголуп кеткен. Эртеси укук коргоо органдары кыздын кескиленген сөөгүн Рахматулло Гадоев аттуу 30 жаштагы коңшусунун ажатканасынын артынан табышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, кыз зордукталып, денеси кескиленип, мууздалган.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмышка шектүү катары кыздын коңшусу кармалганын кабарлады. Ал үй-бүлөлүү, үч баласы бар экени белгилүү болду.

Социалдык түйүн колдонуучулары бул кылмышты айыптап, зордукчуларга карата жазаны күчөтүүнү талап кылышууда. Жарандык коом өкүлдөрү парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомалинин атйына кайрылуу жолдошту.

«2020-жылдын биринчи жарымында эрезеге жете электерге карата сексуалдык зомбулук көрсөткөн 16 учур катталган. Бул ЖМКлар менен соцтармактарга чыгып, элге белгилүү болуп калгандары гана», — деп жазылган кайрылууда.

Парламент бүгүнкү күндө өкмөттө Кылмыш кодексинин жаңы редакциясы каралып жатканын, анда мындай кылмыштар үчүн жаза күчөтүлгөнүн билдирди. Бирок мекеменин билдирүүсүндө жаңы кодексте зордукчулдар менен бачабаздар үчүн кандай жаза каралганы так жазылган эмес.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG