Ссылки доступа

Ташкентте Борбордук жана Түштүк Азия аймактарынын өз ара байланышына арналган эл аралык конференция өтөт


Ташкентте 15-16-июль күндөрү "Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" деп аталган эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, конференция Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен уюштурулууда. Анын негизги максаты — Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тарыхый достук байланыштарды, ишенимдүү жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдөө.

Иш-чарага Өзбекстан менен Ооганстандын президенттери, Пакистандын премьер-министри, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери, жогорку кызматтагы өкүлдөрү, алдыңкы эл аралык жана аймактык уюмдардын, дүйнөлүк каржы институттары менен компаниялардын, изилдөөчү жана аналитикалык борборлордун өкүлдөрү катышат деп күтүлүүдө.

Алар аймактык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG