Ссылки доступа

Чымкентте маяналарды жогорулатууну талап кылган темир жолчулар убактылуу иш ташташты (видео)


6-июлда Казакстандын Чымкент шаарында "КТЖ — Жүк ташуу" компаниясынын өкүлчүлүгүнүн жүзгө жакын жумушчусу айлык акыны жогорулатууну жана эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылып, убактылуу иш ташташты.

Бейшемби күнү алар өкүлчүлүк имаратынын алдына топтолуп, экс-президент Нурсултан Назарбаевге, азыркы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевге жана "КТЖ — Жүк ташуу" компаниясына жамааттык кайрылуу жолдошконун билдиришти.

Анда жумушчулар айлык акыларды кеминде эки эсеге жогорулатууну, экологиялык төлөмдөрдүн берилишин, ашыкча аткарылган иштер үчүн кошумча акы төлөөнү жана мөөнөтүнөн мурда пенсияга кетирүүнү талап кылышкан. Мындан тышкары алардын кайрылуусунда эмгек шарттарын жакшыртуу талабы да жазылган. Кайрылууга ишкананын 120 жумушчусу кол койгон.

— Биздин айлыгыбыз — 120-130 миң теңге. Бул акча эч нерсеге жетпейт. Бул жерге жыргаганыбыздан келген жокпуз. Ар бирибиздин насыяларыбыз бар. Аларды кантип төлөйбүз, үй-бүлөбүздү кантип багабыз? Эгер бул үчүн бирөөбүздү эле иштен алса, баарыбыз тең кетебиз, — деди акция катышуучуларынын бири.

Жумушчулардын алдына чыккан компаниянын Нур-Султандагы башкы кеңсесинин өкүлдөрү аларды компромисске чакырып, сүйлөшүү үчүн имаратка кирүүнү өтүнүштү.

Нааразы болгон жумушчулар менен сүйлөшүү үчүн келген компаниянын өкүлү Каирбай Оралбаев жергиликтүү өкүлчүлүктүн жетекчилиги менен жумушчулардын ортосунда маселелер бар экенин белгилеп, аларды жетекчиликке жеткирүүнү убадалады. Азырынча жумушчулар менен компания өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү эмне менен аяктаганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG