Ссылки доступа

Аптаптуу ысык: Өзбекстанда бийликтен жумушчуларга жеңилдиктерди берүү суралууда


Ушул күндөрү Өзбекстанда аптаптуу ысык болуп, айрым райондордо абанын температурасы +47 градуска чейин жетүүдө.

Өлкөнүн Гидрометеорология борборунун маалыматына караганда, бул акыркы 150 жылдан берки эң ысык жай болууда. 1-июлдан тартып абанын температурасынын кескин жогорулашы шаарларда жана өнөр жай объектилеринде электр энергиясынын өчүүсүнө алып келди.

Буга байланыштуу коомдук активисттер менен айрым депутаттар аптаптуу ысык шартта иштеп жаткан жумушчулардын иш убактысын эртең мененки жана кечки убакыттарга жылдырууну сунуштап жатышат.

Гидрометеорология борборунун башчысы 8-июлдагы маалымат жыйынында министрлер кабинетине аптаптуу ысыкта жумушчуларга жеңилдиктерди берүү сунушун киргизгенин билдирди.

Өзбекстандын энергосистемасы өтө ысык жана суук аба ырайына туруштук бере албай, өлкөнүн эң алсыз системасы бойдон калууда. Ысык күндөрү Ташкент шаары көбүнчө жарыксыз калып келет – 7-июлда шаардагы үч метро станциясында электр энергиясы өчүп, соцтармактарга караңгы метрополитендин видеолору жарыяланды.

Метрополитендин администрациясы 7-июлда саат 12:55тен 13:05ке чейин электр менен камсыз кылуу системасындагы мүчүлүштүктөрдөн улам Ташкенттеги үч метро станциясында жарык өчкөнүн кабарлады.

Өлкөнүн Энергетика министрлиги электр жарыгынын байма-бай өчүп жатышын аптаптуу ысыкка байланыштырууда. Мекеменин маалыматына караганда, калктын ар күнкү электр энергиясын пайдалануусу 223 миллион кВ/саатка жетүүдө.

Өкмөт азырынча күн тийип турган жерлерде иштеп жаткан жумушчулар менен дыйкандардын саламаттыгын коргоо үчүн атайын чараларды кабыл ала элек.

XS
SM
MD
LG