Ссылки доступа

ИИМ: Кыргыз паспортун алган чет элдик жарандар текшерилет


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кыргыз паспортун алган бардык чет өлкөлүк жарандар мыйзам чегинде текшерилерин маалымдады.

Алардын паспортторунун мыйзамдуулугу, бир эле учурда эки мамлекеттин паспортторун алган фактылар жана Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору эмне себептен мыйзамсыз берилип кеткени, кимдер бергени сыяктуу бардык фактылар текшерилип, укуктук баа берилет. Эки өлкөнүн кош жарандыгын алгандар да текшерүүгө алынат.

"Мыйзамсыз берилген паспорттор, паспорт берүүдөгү ээнбаштыктар, коррупциялык фактылар, мурда соттолгон, издөөдө жүргөн адамдар, башка өлкөнүн жарандары, кылмыштуу чөйрөнүн адамдары да кыргыз паспортун алып жүргөнүн биз өз убагында ачыктаганбыз", - деп жазылган ИИМдин маалыматында.

Маалыматка ылайык, паспорт текшерүү жараянына "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна байланыштуу ачылган сотко чейинки өндүрүш учурунда аныкталган маалыматтар негиз берген.

Анда Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыргызстандын ID паспортун, ошол эле жылы 25-декабрда жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган. Учурда ага берилген паспорттордун мыйзамдуулугу да иликтенүүдө.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Аны чет өлкөлүк атайын кызмат Түркияга жеткиргенин президент Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылуусунда билдирген.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияга нота жиберип, кыргыз жаранын уурдап кетүү эл аралык нормаларга туура келбесин билдирген.

Орхан Инанды 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган. Түркия ал түрк жарандыгынан да чыкпагандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG