Ссылки доступа

Өзбекстандык активисттер Гүлнара Каримовага таандык активдердин тагдырына кабатыр болууда


8-июлда өзбекстандык активисттердин тобу Швейцариянын өкмөтүн Гүлнара Каримованын мыйзамсыз топтолгон активдерин Өзбекстанга кайтаруу ишин ачык жүргүзүүгө чакырышты.

Дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө жашаган тогуз активист кол койгон кайрылуу 9-июлда Uzbekforum.org сайтына жарыяланды.

Кайрылуунун авторлору эки өлкөнүн өкмөттөрү 2020-жылы сентябрда кол койгон "Өз ара түшүнүшүү тууралуу" меморандумдун мындан аркы тагдырына тынчсызданууларын билдиришкен.

Алар 2017-жылы Швейцариянын өкмөтү Активдерди кайтаруу боюнча глобалдык форумдун эң активдүү катышуучулары болгонун белгилешүүдө. Анда тараптар милдеттүү түрдө аткарылышы керек болгон он принцип кабыл алган. Алардын негизгилери активдерди кайтаруудагы ачыктык, каражатты өз калкынын жыргалчылыгы үчүн колдонуу жана активдерди кайтаруу процессине жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу сыяктуу принциптер болгон.

Бирок кайрылуунун активисттери белгилегендей, эки тарап тең кол коюлган документтерди аткаруу процессинин ачык болушун камсыз кылууга шашылбай келүүдө. Адам укуктары боюнча өзбек форумунун жетекчиси Умида Ниязованын айтымында, меморандумга тогуз ай мурда кол коюлганына карабастан, эки өлкөнүн өкмөттөрү тең коомчулукка бул боюнча эч кандай кошумча маалымат бере элек.

– Биздин уюм жөнөткөн петицияга карабастан, Швейцариянын федералдык юстиция башкармалыгы ортодо кол коюлган келишим жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартууда. Бул Администрациядагы маалыматтардын ачыктыгы тууралуу федералдык актыга каршы келет, – деди Умида Ниязова.

"Өз ара түшүнүшүү тууралуу" меморандум нормативдик акты катары милдеттүү түрдө аткарылышы керек болгон өкмөттөр ортосундагы юридикалык келишим болуп эсептелет. Швейцария жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосунда мындай документтердин бирине 2020-жылы сентябрда кол коюлган. Анда Каримованын 2012-жылдан бери Швейцариянын банктарында сакталып турган 131 миллион доллары Ташкентке которулары айтылган.

Мындан тышкары Каримованын дагы 715 миллион доллар өлчөмүндөгү активдери козголгон кылмыш иштеринин алкагында камакта жатканы кабарланган.

Буга чейин Өзбекстандын бийлиги Гүлнара Каримованын 1,3 миллиард доллардан ашык активдерин кайтарып алуу боюнча Швейцариянын, АКШнын, Франциянын, Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.

От принцессы до заключенной: жизненный путь Гульнары Каримовой
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

2020-жылы май айында Франция Өзбекстанга Каримованын 10 миллион долларлык активин кайтарып берген. Анда бул каражат Өзбекстандын мамлекеттик бюджетине которулганы жана жалпы тартипте колдонула турганы кабарланган.

Активисттердин Швейцария бийлигине жолдогон кайрылуусу Гүлнара Каримованын туулган күнүнө туш келди. Ташкент облусундагы аялдар абагында отурган Каримова быйыл 49 жашка толду. Ага «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери менен айыптар коюлган. Каримова 2020-жылдын 18-мартында 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

Видео

Видео

Олимпиада: Кыргызстан бир күндө эки медал алды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
XS
SM
MD
LG