Ссылки доступа

Бердымухамедов уулун кызматынан жогорулатты


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды экономикалык, банк маселелери жана эл аралык каржы уюмдары боюнча вице-премьер кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул чечими тууралуу мамлекет башчы министрлер кабинетинин 9-июлдагы жыйынында билдирди.

Бердымухамедов ушул эле буйругу менен 39 жаштагы уулу Сердарды Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы кызматынан бошотуп, Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин курамынан чыгарды.

Бул акыркы жарым жылдын ичинде Сердар Бердымухамедовдун экинчи жолу кызматтан көтөрүлүүсү. Быйыл февралда ал Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы, ошондой эле кошумча кызмат катары атайын түзүлгөн инновациялар жана санариптештирүү боюнча вице-премьерликке дайындалган.

Сердар Бердымухамедовдун саясий карьерасы 2016-жылдын аягында башталган. Анда ал Түркмөнстан парламентинин мүчөсү болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG