Ссылки доступа

Казакстанда адамдын эмдөөдөн өткөнүн ырастаган жасалма COVID-сертификаттар сатылууда (видео)


Как в Казахстане получают поддельные сертификаты о прививке
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Казакстанда адамдын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн ырастаган ковид-сертификаттарды саткан учурлар токтой элек.

Өлкө бийлиги алгачкы жасалма ковид-сертификаттарды бир нече ай мурда Алматы шаарында аныкташкан. Бейтапкана дарыгерлери жарандарга эмдөөдөн өтпөстөн эле документти сатып алууну сунушташкан. Алар тиешелүү документтерди берип, акчасын алгандан кийин вакциналарды жок кылып турушкан. Мындай жолго барган медиктер кармалган. Алар эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө мындай бизнес менен дээрлик бардык аймактардагы дарыгерлер алектенишет.

Жакында эле Алматыдагы туристтик компаниялардын бири 150гө жакын жасалма ковид-сертификаттарды сатканы аныкталган. Алар Сауд Арабиясына кичи ажылыкка бара турган кишилер үчүн жасалган. Эми компания өкүлдөрү төрт жылга соттолуп, документ сатып алган жарандар 40 суткага чейин камакка алынышы мүмкүн.

В России начали бороться с поддельными сертификатами о COVID-прививке. Вот как это происходит
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:45 0:00

Азыр шылуундар мурдагыдай жасалма ковид-сертификаттарды интернетке ачык жарыяларды жайгаштыруу менен эмес, тааныштары аркылуу же телеграм-каналдар аркылуу сатып калышты. Документтер орточо 60 доллардан сунушталууда.

Азырынча Казакстандын бийлиги мындай жасалма документ сатууга каршы кандай күрөшүү керектигин билбей турат — электрондук сертификаттар эч кандай корголгон эмес. Саламаттык сактоо министрлиги жакынкы убакта ар бир документке уникалдуу QR-коддор ыйгарыларын билдирип, бул чара жасалма документ сатып алууну каалагандарды азайтат деп үмүттөнүп жатканын кабарлоодо.

Видео

Видео

Селден жабыркагандар чатырларда күн кечирүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00
XS
SM
MD
LG