Ссылки доступа

Тажикстанда калктын 6% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү (видео)


Тажикстанда 6-июлга карата 316 миң киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул өлкө калкынын 18 жаштан ашкан бөлүгүнүн 6% түзөт.

Маалыматка караганда, өлкөдө вакцина тартыштыгы жок. Буга чейин Индиянын AstraZeneca жана Кытайдын Coronavac вакциналарынын 1 миллиондон ашык дозасы бекер жеткирилген.

“Өткөн жумаларда шаардык бейтапканаларда адамдар аз болсо, азыр эмдөөдөн өткүсү келгендер кезектерде турушат. Бийликтин эмдөөнү милдеттүү кылуу чечими абалды жакшыртууга түрткү болот деп эсептейм”, — деди Обиджон Саидзода аттуу Душанбе тургуну.

В поликлиниках Душанбе очередь за вакцинацией
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:56 0:00

Бирок айрым жарандар адамдарды вакцинадан өтүүгө милдеттендирүү тууралуу бийликтин чечими менен макул эмес экендиктерин билдиришүүдө. «Бул чечимде эмдөөдөн өтүүгө каршы болгондорго карата жаза каралган эмес. Бул ар бир адамдын өз иши, эч ким эмдөөдөн өт деп мажбурлай албайт. Мисалы мен күмөн санап турам, ошондуктан вакцина сайдырбайм», - деди юрист Файзи Оли.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги 18 жаштан жогорку бардык жарандарды милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү чечими башка өлкөлөрдөгү абалды эске алуу менен кабыл алынганын билдирүүдө.

“Бул өнөктүк коомчулуктун көңүлүн эмдөөдөн өтүү зарыл экенине бурушу керек”, — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG