Анын айтымында, парламент мыйзам долбоорун беките элек, талкуу жүрүп жатат.
“Бардык министрликтер менен ведомстволор сексуалдык зомбулук үчүн жоопкерчиликти катаалдаштырууга макулдук беришти”, - деп кошумчалады Шараф Каримзода.
Тажикстанда 4-июлда сегиз жаштагы Руфейда Иноятованын зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомдо чоң резонанс жаратты. Социалдык түйүн колдонуучулары менен жарандык активисттер зордукчулар үчүн жазаны күчөтүүнү талап кылышууда.