Ссылки доступа

Алматыда ПЧР-тесттерди жана эмдөө паспортун жасалмалаган медициналык кызматкерлер кармалды


Полиция Алматыдагы үч медициналык мекеменин кызматкерлери ПЧР-тексттерди жана эмдөө паспортун жасалмалоого шектелип жатканын кабарлады.

Шаардын криминалдык полииця башкармалыгынын маалыматына караганда, эки жеке клиниканын кызматкерлери биоматериал албай туруп, сыйакыга ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын берип турушкан.

Жеке тинтүүнүн алкагында ПЧР-тесттердин жыйынтыктары жана акчалай каражаттар табылган.

Бул арада №4 шаардык клиниканын медайымы да кармалды. Маалыматка караганда, ал 15 миң теңге акчага жарандын эмдөө алганы туралуу жалган каттоо жүргүзүп турган.

Өткөн аптада Казакстандын коррупцияга каршы кызматы Акмоло жана Алматы облустарында эмдөө паспортторун жасалмалаган медициналык кызматкерлерди кармаган.

XS
SM
MD
LG