“1186 жер көчкү калктуу конуштарга жана объектилерге коркунуч жаратууда. Бардык жер көчкүлөрдүн 93% Ош жана Жалал-Абад облустарында. Бүгүнкү күндө 543 калктуу конуштар жана участоктор, 321 ар кандай объектилер жер көчкү болчу жерде жайгашкан. Ал аймактарда 20 миңдей адам жашайт”.
Кыргызстан жер көчкү коркунучу өтө кооптуу болгон 48 участокту коопсуз абалга келтириш үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 35 миллион доллар алып жатат. Анын ичинен 23,5 миллион доллары грант, 11,5 миллион доллар насыя. Кыргыз тарап жер көчкүлөрдү зыянсыздандырууга бюджеттен төрт миллион доллар бөлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы 39 миллион долларга кооптуу аймактардагы көчкүлөрдү кертип түшүрүп тазалайт.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет бул долбоорду каржылоо боюнча сунушту колдоду.