Ссылки доступа

Өзбекстанда вирус жуктургандарды дарылоо үчүн кошумча борборлор ачылууда


Коронавирус инфекциясы жайылып жатканына байланыштуу Өзбекстандын эки облусунда вирус жуктурган бейтаптарды кабыл алган борборлор кайрадан ачыла баштады.

Самарканд облусунда спорттук комплекстин базасында 1000 орунга ылайыкташтырылган борбор кайрадан иштеп жатат.

Буга чейин вирус жуктуруп алгандар облустагы 240 орундуу эки ооруканада дарыланып жатышкан.

Наманган облусунда да спорттук комплекстин базасында 400 орунду борбор ишин баштады.

Бул арада Ташкент шаарында да бир нече борборлор ачылып жатат.

XS
SM
MD
LG