Ссылки доступа

Аксыдагы селде алты адам каза болду


Издөө иштери жүрүп жатат. 13-июль, 2021-жыл.
Издөө иштери жүрүп жатат. 13-июль, 2021-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Арасында бала да бар.

Түндө эки эркектин жана төрт аялдын сөөгү табылган. Алардын тек-жайы такталып жатат.

"Азаттыктын" аймактагы кабарчысы жергиликтүүлөргө таянып билдиргендей, сел агызып кеткендердин арасында Жаңы-Жол айылынын тургундары да бар.

Көз жумгандардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени айтылууда.

Издөө иштери жүрүп жатат. 13-июль, 2021-жыл.
Издөө иштери жүрүп жатат. 13-июль, 2021-жыл.

XS
SM
MD
LG