Ссылки доступа

Иракта ооруканадагы өрттөн 52 киши көз жумду


Ирактын Насирия шаарындагы ооруканада коронавируска чалдыккан бейтаптар жаткан бөлүмдө чыккан өрт кеминде 52 кишинин өмүрүн алды.

Алдын ала маалыматтарга караганда тилсиз жоонун тутанышына кычкылтык баллонунун жарылышы себеп болгон.

Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалымат катчысы Хайдар аз-Замили 13-июлда билдиргендей, дагы жыйырмадан ашуун адам жараат алган. Ал ошондой эле урандылардын алдында дагы кишилер болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Премьер-министр Мустафа аль-Казыми чукул жыйналыш өткөрүп, саламаттык сактоо жана жарандык коргонуу жаатындагы бир катар жетекчилерди камоо тапшырмасын бергени маалым болду.

Апрель айында баш калаа Багдаддагы коронавируска чалдыккандарды дарылаган ооруканалардын биринде кычкылтек баллону жарылып, сексенден ашуун адам өлүп, 110дөй киши жабыркаган.

Иракта коронавирустан 17 миңден көп адам көз жумганы расмий кабарланып келет.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG