Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө KMG-Security компаниясынын жумушчулары иш таштады


13-июлда Жаңы-Өзөн шаарында "Озенмунайгаз" компаниясынын өндүрүштүк объектилерин кайтаруу менен алектенген KMG-Security күзөт агенттигинин жумушчулары айлыктарды жогорулатуу талабы менен иш ташташты.

— Былтыр да ушундай эле нааразылык акциясын өткөрүп, талаптарыбызды айтканбыз. Анда жетекчилик биз менен жолугуп, бирок маселебиз чечилген эмес. Бул жолу биз талаптарыбыз аткарылмайынча жумушка чыкпайбыз деп чечтик, — деди Ниязбек Садуов аттуу жумушчу.

— Бизде 20 жылдык иш тажрыйбасы бар жумушчулар гана 75–80 миң теңге алышат. Жаңы жумушчуларга 57–60 миң теңгеден төлөнөт. Биз айлыктарды 150 миң теңгеге (350 доллар) чейин жогорулатууну талап кылып жатабыз. Суткасына 24 сааттан иштеп, экологиялык жактан кооптуу эсептелген өнөр жай аймагындагы скважиналарды кайтарабыз, — деди аты-жөнүн айткысы келбеген дагы бир жумушчу.

Соцтармактарга жарыяланган видеолордон жумушчулар менен KMG-Security агенттигинин Жаңы-Өзөндөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алмас Темиралиев жолукканын көрүүгө болот. Ал бейшемби күнү жумушчуларга компания башкармалыгынын төрагасы келерин айтып, ага чейин алар талаптары жазылган протоколду жөнөтүүсү керек экенин билдирди.

KMG-Security (мурдагы аталышы Semser Security / "Семсер") 2000-жылы негизделген. Компаниянын Жаңы-Өзөн шаарындагы өкүлчүлүгүндө 1200 киши, жалпы өлкө боюнча 7,5 миңден ашык жумушчусу иштейт. Алар 500дөн ашык өндүрүштүк жана административдик объектилерди кайтаруу менен алектенишет.

XS
SM
MD
LG