Ссылки доступа

Адвокат: Инандыны Бишкектен үч киши уурдаган


"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Бишкектен үч киши уурдап, Түркияга жеткирген. Бул тууралуу ал Түркиядагы адвокаты Халил Ибрагим Йылмазга билдирген.

Адвокат "Азаттыкка" курган маегинде Инанды Бишкекте кандайча кармалып, Түркияга жеткирилгени жөнүндө айтып берди.

“Ким уурдаганын билбейт. Бирок кыргызстандык адамдар уурдаганын айтып жатат. Ал кыргыз милициясы, коопсуздук кызматы же башка топ болушу мүмкүн. Ким кылганын билбейт. Жалгыз гана Кыргызстандагы аны уурдоо боюнча операцияны кыргыз улутундагы үч киши кылганын айтып жатат. Бирок алар ким экенин билбейт. Кармап көздөрүн таңышыптыр. Андан кийин эртеси күнү эле Түркияга алып келишиптир. Көздөрү таңылуу абалда автоунаа менен беш-алты саат жол жүрүп, андан кийин учакка салышты деп айтып жатат. Ал кайсы жактан учакка салышканын билбейт", - деди ал.

Адвокаттын айтымында, Инанды тагылган айыпты моюнуна алган эмес, бирок тергөөнүн бардык суроолоруна жооп берип жатат. Буга чейин бир катар түрк маалымат каражаттары Инанды күнөөнү мойнуна алганын жазып чыгышкан.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, ошондон бери дайынсыз болуп жаткан. Аны Түркиянын атайын кызматы өлкөгө алып келгенин президент Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылуусунда жарыялаган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияга нота жиберип, кыргыз жаранын уурдап кетүү эл аралык нормаларга туура келбесин билдирген.

Эрдогандын бийлиги Орхан Инандыны "Гүлен" кыймылынын салмактуу мүчөсү катары мүнөздөп жатат. Инанды жоголгондон бери анын жүздөгөн тарапкери Кыргызстанда нааразылык акциясына чыгып, аны миңдеген окуучуларга билим берген мугалим деп сыпатташкан.

XS
SM
MD
LG