Ссылки доступа

Тажикстандык укук коргоочу Иззат Амон алдамчылыкка айыпталууда


Тажикстандык укук коргоочу Иззат Амон Орусиядагы тажик мигранттарын 630 миң рублге алдап кеткен. Бул тууралуу Тажикстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү Шариф Курбонзода басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Иззат Амонго каршы 12 киши арыз жазган. Алар 2014-жылдан 2020-жылга чейин "кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу", "убактылуу каттоо" жана "депортациялоо тууралуу сот чечимин жокко чыгаруу" үчүн Амонго акча беришкенин, бирок эч кандай жардам алышпаганын билдиришкен.

Шариф Курбонзода Иззат Амондун туугандары 5 миң рубль өлчөмүндөгү зыянды гана төлөп беришкенин кошумчалады.

Бирок өткөн айдын аягында камактагы Иззат Амондун жакындары доо арыз жазгандардын биринин жакын тууганына 10 миң рубль төлөнүп берилгенин айтышкан.

"Алдамчылык айыбы негизсиз экенине карабастан, биз арыздарда көрсөтүлгөн чыгымды толук төлөп берүүгө даярбыз. Бирок тергөөчүлөр арыз ээлери менен бетме-бет жолугуштуруудан баш тартып жатышат", — деп билдиришкен алар.

Орусияда Амон 25-мартта дайынсыз жоголуп, эки күндөн кийин Тажикстандан табылган. Тажик бийлиги бир нече киши Иззат Амон аларды Орусияда алдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылганын билдирген.

Москвадагы Тажиктер борборун башкарып жүргөн 48 жаштагы Амон кармалганга чейин Орусиядагы жарандарынын укуктарын коргой албай жатканы үчүн тажик өкмөтүн бир нече жолу сындаган. Ал жетектеген уюм мигранттарга юридикалык, айрым учурларда каржылык да жардам берип келген.

Иззат Амонго каршы "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Өлкө мыйзамдарында мындай кылмыш кылгандар үчүн айып пул төлөтүү же 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Башкы прокуратуранын өкүлү Шариф Курбонзода Иззат Амондун иши боюнча тергөө жакында аяктап, айдын соңунда сотко жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Видео

Видео

850 килограммдык бука. Бишкектеги “AгроТехЭкспо2021”
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00
XS
SM
MD
LG