Ссылки доступа

АКШ журналистти уурдоо аракети үчүн төрт иран жаранына айып такты


Масих Алинежад

Шейшембиде Нью-Йорктун федералдык прокуратурасы АКШда журналистти уурдоону уюшурууга байланыштуу төрт иран жаранына айып такты.

Айып материалына ылайык, бул ишти иран чалгынынын өкүлү Алиреза Шавароги Фарахани жетектеген. Учурда алардын баары Иранда.

Маалыматка караганда, сын материалдары Washington Post гезитине чейин жарыяланган журналист Кошмо Штаттарда бозгунда жүргөн жана бутага алынган. Тергөө материалында журналисттин ысымы айтылган эмес.

NBC телеканалы өз булактарына таянуу менен кеп "Америка үнүнүн" перси кызматынын кабарчысы Масих Алинежад жөнүндө болуп жатканын жазды. Журналист NBC телеканалына бул маалыматты ырастады. Ал 2020-жылы Washington Post гезитинде өзүн уурдоого даярдык көрүлүп жатканын билип калганын жазган:

"Бул өтө коркунучтуу сезим болгон, бирок мен ушул сыяктуу нерсени күткөн эмесмин деп айта албайм. Иран режими үнүмдү басуу үчүн ар түрдүү коркутууларга барган".

Айыптоо документинде акыркы алты жылдан бери Нью-Йоркто жашаган журналисттин артынан аңдуу үчүн айыпталгандар жергиликтүү тыңчыны жалдашканы айтылат. Алар журналистти деңиз аркылуу Венесуэлага алып өтүү ыктымалдуулугун иликтешкен. Бул өлкө Иран менен ынак мамиледе.

Шектүүлөр иранга каршы санкцияларды бузууга, арам акчаны адалдоого, каржылай алдамчылыкка да айыпталууда. Эгер күнөөлөрү далилденсе, алар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Видео

Видео

850 килограммдык бука. Бишкектеги “AгроТехЭкспо2021”
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00
XS
SM
MD
LG