Ссылки доступа

Тажикстандык журналист өз мисалында "жөлөк пул алуунун оордугун" көрсөтүп берди


Далер Шарифов
Далер Шарифов

Журналист Далер Шарифов камактан чыккандар үчүн бериле турган 800 сомонилик социалдык жардамды алуу үчүн 475 сомони коротконун билдирүүдө.

"Дин аралык кастыкты козутуу" айыбы менен бир жылга соттолуп, быйыл январда эркиндикке чыккан Шарифов абактан ал социалдык жөлөк пул алууга укуктуу экенин айтышкан.

«Мага үч ай 400 сомониден социалдык жөлөк пул алсам болорун айтышты. Жалпы 1200 сомони (100 долларга жакын) болот экен. Мыйзам боюнча абактан чыккандардан тышкары аскердик кызматын өтөп келгендер да мындай жөлөк пул алса болот экен. Бирок бул тууралуу баары эле биле бербейт жана андай укугу бар адамдардын баары жөлөк пул ала алышпайт», — деди Шарифов.

Журналист өз мисалында социалдык жөлөк пул алуудагы кыйынчылыктарды сүрөттөп берген. Анын айтымында, ал март айында эле бардык керектүү документтерин топтоп, өзү жашаган Вахдат шаардык Эмгек жана иш менен камсыз кылуу башкармалыгына кайрылган. Бирок мекемеге 11 жолу барганына карабастан маселеси чечилбей, акыры Душанбеге барып эмгек министринин өзүнө кайрылууга аргасыз болгон.

«Министр мени угуп, кол алдындагы кызматкерлерге арызымды карап, социалдык жөлөк пул төлөө тууралуу маселени чечүүнү тапшырды. Жыйынтыгында эки айга 800 сомони жөлөк пул алдым», - деди ал.

Шарифов эки айдын ичинде тиешелүү мекемелерге барууга жана телефон чалууларга жөлөк пул катары алган 800 сомонинин 475 сомонисин коротконун, азыр чөнтөгүндө 325 гана сомони калганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG