Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө иш таштаган жумушчулар көчөдө түнөштү


Жаңы-Өзөн шарында “ӨзенМунайГаз" компаниясынын объектилерин кайтарган KMG-Security күзөт компаниясынын жумушчулары иш таштоону улантышты.

14-июлга караган түнү алар шаардык автобекеттин алдында чатыр тигип түнөштү. Жумушчулар талаптары аткарылмайынча эч жакка кетпей турушканын айтышууда.

Нааразылар жумуш берүүчүдөн айлык акыны 57-80 миңден 150 миң теңгеге (350 доллар) чейин көтөрүүнү жана майрам алдында сыйакы төлөп берүүнү сурашууда. Кымбатчылык өкүм сүрүп турган маалда азыр берилип жаткан маяна эч нерсеге жетпей турганын айтышууда.

Чогулгандар менен Жаңы-Өзөн шаарынын акиминин орун басары жолугуп, алардын акциясы мыйзамсыз экенин айткан.

Жумушчулар казак президенти Касым-Жомарт Токаев баштаган бийлик өкүлдөрүнө кайрылышып, талаптарынын аткарылышына көмөктөшүүнү сурашты.

KMG-Security 2000-жылы түзүлгөн. Компаниянын Жаңы-Өзөндөгү филиалында 1200 кызматкер бар. Компания 500дөн ашуу өндүрүш жана административдик объектилерде күзөт, өрт өчүрүү, куткаруу кызматын көрсөтөт.

Видео

Видео

Олимпиада: Кыргызстан бир күндө эки медал алды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
XS
SM
MD
LG