Вирусология илимий-иликтөө институнун клиникасы менен “Узэкспоборбордогу” COVID-борбор бейтаптарга толуп калды.
Зангиота №2 атайын ооруканасы ушул тапта “тез жардам” унаасы менен келген оорулууларды гана кабыл алып жатканын билдирди.
– Бул бейтаптардын өпкөсүнүн 30 пайыздан ашыгы жабыркаганы тастыкталууга тийиш. Болбосо, алар Вирусология илимий-иликтөө институнун клиникасы менен “Узэкспоборбордогу” COVID-борборго барышы керек, - деди оорукананын дарыгери.
Өзбекстан Саламаттык сактоо миинстрлиги 14-июлга карата коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 117 миң кишини түзгөнүн маалымдады. 5-июлдан бери Өзбекстан биринчи жолу пневмонияга чалдыккандар боюнча статистиканы да жарыялай баштаган.
Саламаттык сактоо миинстрлиги июлдун башынан бери өлкөдө күн сайын вирус жуктурган 450-500, пневмонияга кабылган 200-300 учур катталып жатканын билдирди.