Ссылки доступа

Чек ара: “Ак-Тилекте” 100дөй жүк ташуучу машине топтолуп турат


Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде ушул тушта 100гө чукул жүк ташыган машине топтолуп турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, автоуналардын мындай узун кезеги жүк ташуу көбөйгөн маалга байланыштуу жана кадыресе кайталанган көрүнүш.

“Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттерде адамдардын жана машиналардын узун кезеги жок. Жүк ташыган автоунаалар “Кең-Булуң” өткөрмө бекети аркылуу өтсө дагы болот”,-деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-казак чек арасында "Чалдыбар", "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Чоң-Капка", "Каркыра" бекеттери бар. Анын ичинен беш автоунаа жана бир темир жол өткөрмө жайы иштейт.

XS
SM
MD
LG