Ссылки доступа

Парламентте Ооганстандан качып чыккан кыргыздарга жардам көрсөтүү демилгеси көтөрүлдү


15-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Бейшеналы Нурдинов Ооганстандан Тажикстанга качып барган кыргыздарга жардам көрсөтүүнү сунуштады.

«Биздин бир боордоштор Ооганстандан качып чыгып, азыр Тажикстанда кор болуп жатышат. Муну президентке айтып, түз бизге өткөрүп алганга аракет кылбайлыбы?! Бул маселени карап чыгып, жардам берүү керек», - деди депутат.

Тажикстандын Чек ара кызматы шаршембиде Бадахшан провинциясынын Андемин кыштагында жашаган 345 ооган кыргызы: 91 эркек, 77 аял жана 177 жашы жете элек бала (64ү эркек, 113ү кыз) Мургаб районуна карашуу Кызыл-Работ айыл аймагына келишкенин кабарлаган.

Маалыматка караганда, ооганстандык кыргыздарды тажик чек арачылары гуманизм принцибинен улам Тажикстандын аймагына киргизишкен.

«Талибан» кыймылы акыркы жумаларда ондогон райондорду басып алды. Бул АКШ жетектеген эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгарылып жаткан маалда болуп жатат.

Видео

Видео

Селден жабыркагандар чатырларда күн кечирүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00
XS
SM
MD
LG