Ссылки доступа

Душанбеде ШКУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчылары Ооганстандагы абалды талкуулады


Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Душанбеде уюмдун 20 жылдык ишинин жыйынтыгын жана Ооганстандагы абалды талкуулашты.

Күн тартибиндеги маселелер жабык эшик артында талкууланды.

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин саммиттен кийин уюштурулган басма сөз жыйында сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ооганстандагы абалга өзгөчө көңүл бурулганын билдирди.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери уюмга мүчө мамлекеттердин жана алардын коңшуларынын коопсуздугун тиешелүү деңгээлде камсыз кылмайын, уюмдун ичинде туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес экенин белгилешти.

Иш-чаралардын бекитилген планына ылайык, быйыл сентябрда Душанбеде ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын мааракелик саммити өтөт.

14-июлдагы жыйында Министрлер кеңеши Душанбеде саммит өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды. Анда уюмга мүчө өлкөлөрдүн терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыгынын 2022-2024-жылдарга карата жаңыланган программасы тааныштырылат.

ШКУга Кытай, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия байкоочу макамына ээ. Мындан тышкары Армения, Азербайжан, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка уюмдун өнөктөш мамлекеттери болуп эсептелишет.

Талдоочулардын көбү бул коалицияны Орусия менен Кытайдын саясий куралы катары карап келишет.

XS
SM
MD
LG