Ссылки доступа

Душанбедеги камактагылар Вахдатта курулган жаңы түрмөгө которула баштады (видео)


Душанбедеги №1 абак
Душанбедеги №1 абак

Душанбедеги №1 түзөтүү абагында камакта отурган жарандар Вахдат шаарындагы жаңы курулган түрмөгө которула баштады. Бул тууралуу Тажикстандын Жазаларды аткаруу кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жаңы түзөтүү жайы эл аралык стандарттарга жооп берет.

«Биз камактагылардын туугандарына кайрылып, жакындарынын жеке буюмдарын алып кетиши керек экенин айттык. Буюмдарды камактагылар жаңы түрмөгө которулгандан кийин кайра беришсе болот», — деди мекеменин өкүлү.

Ал Вахдаттагы жаңы түрмөдө камактагылар мурдагыдай барактарда эмес, камераларда бир нече кишиден кармаларын кошумчалады.

Заключенных тюрьмы №1 переведут в новое исправительное учреждение в Вахдате
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00

Акыркы жылдары Тажикстандагы абактарда камактагылар эки жолу козголоң чыгарышкан: биринчиси 2018-жылы ноябрда Хоженттеги түрмөдө болсо, экинчиси 2019-жылы майда Вахдат шаарындагы түзөтүү жайында катталган. Бул козголоңдор маалында 50 киши каза болгон. Бийлик бул окуялар үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобуна жүктөгөн.

Эл аралык эксперттердин белгилешинче, козголоңдордун негизги себеби абактардагы оор шарттар жана камактагылардын укуктарынын системалык турдө бузулушу болгон.

Бүгүнкү күндө Тажикстанда 19 түзөтүү абагы бар. Эки жыл мурда Тажикстан Конституциясынын 25 жылдыгына карата мунапыс жарыяланганга чейин өлкө абактарында 13 миңге жакын киши кармалып турган. Анда мунапыс менен түрмөлөрдөн жети миң киши эркиндикке чыккан.

XS
SM
MD
LG