Ссылки доступа

Тажикстан: Ирактан кайтарылган балдар менен туугандарынын жолугушуусуна тыюу салынды


Ирактагы согуш аймактарынан алып келинген балдарга туугандары менен жолугууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Тажикстандын балдар акыйкатчысы Мижгоан Бобожонзода маалымат жыйында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, эки жыл мурун Ирактан алып келинген балдар учурда мектеп-интернаттарда.

Акыйкатчы "Озоди" радиосунун кабарчысынын балдар качан туугандарынын колуна берилери тууралуу суроосуна жоопсуз калтырды.

"Азыр тиешелүү мекемелер бул маселени карап жатышат. Акыркы чечим кабыл алынганда силерге маалымдайбыз", - деп жооп кайтарды. Тыюу салуунун себебин түшүндүргөн жок.

Ал эми укук коргоочу Үмүт Бобозода балдар азырынча мамлекеттин камкордугунда болгону жакшы экенин айтты.

"Айрым балдар аябай кичинекей. Алар согуш жүрүп жаткан жерден келишти. Алар башынан эмнелерди өткөргөнү белгилүү. Кээ бир балдар тажик тилин унутуп калышкан. Азыр аларды туугандарына берүүнү талкуулап атабыз".

Ал эми балдардын туугандары алар мектеп-интернаттан көрө үйлөрүнө кетүүнү самап жатышканын "Озодинин" кабарчысына айтып беришкен. Алардын айтуусунда, бийлик балдар жакындарына Эгемендик майрамынан кийин берилерин убада кылышкан.

2019-жылы 30-апрелде Ирактагы согуш болгон жерлерден 84 тажикстандык бала жеткирилген. Алардын айрымдары бир нече жыл мурун ата-энелерин ээрчип Иракка кетишсе, кээ бирлери ошол жактан төрөлүшкөн.

Ушул тапта Сириядагы качкындар лагерлеринде жүздөгөн тажикстандык аялдар менен балдар мекенине кайтууну күтүп жатышканы кабарланган. Президент Эмомали Рахмон 9-апрелде Исфарадагы жолугушууда сириялык лагерлерден 500 тажикстандык аялдар менен балдар кайтарыларын билдирген.

XS
SM
MD
LG