Ссылки доступа

Тажикстандын олимпиадалык курама командасы Токиого учуп кетти


Тажикстандын олимпиадалык курама командасы

Тажикстандын олимпиадалык курама командасы 19-июль күнү эртең менен Жапониянын баш калаасы Токио шаарына учуп кетти.

23-июлда баштала турган жайкы Олимп оюндарына Тажикстандын атынан 10 спортчу катышат.

Маалыматка караганда, оюндардын ачылуу аземинде Тажикстандын желегин дзюдочу Темур Рахимов көтөрүп чыгат.

Тажик бийлиги Токиодогу мелдештерде алтын медаль алган спортчуларга 300 миң сомони, күмүш алгандарга 250 миң сомони (22 миң доллар) жана коло байгенин ээлерине 200 миң сомони (17,5 миң доллар) убадалаган.

Тажикстандык спортчулар буга чейинки жайкы Олимп оюндарында үч медаль утушкан — 2008-жылы бир күмүш, бир коло, 2012-жылы бир коло.

Видео

Видео

Туристтерди капа кылган кыргыз милициясы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00
XS
SM
MD
LG