Ссылки доступа

Өзбекстандагы кургакчылык: укук коргоо органдары жаңы "суу жаңжалын" токтотушту


18-июлда Сурхандарыя облусунун Ангор районундагы Навшахар айылында сугат сууга байланыштуу кезектеги жаңжал катталды. "Озодлик" радиосунун редакциясына жөнөтүлгөн видеодон арыктын жээгине чогулган жыйырмага жакын адам бири-бири менен чырдашып жатканын көрүүгө болот.

Күбөлөрдүн айтымында, жаңжал маале жетекчилери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери кийлигишкенден кийин жөнгө салынган.

– Суу бөлүшө албаган жергиликтүү тургундар дээрлик күн сайын жаңжалдашып жатышат. 18-июлдагы жаңжал да коңшулардын ортосунда болду. Адамдар талаага кетирген чыгымдарын жаба албай калганына кыжырданып жатышат, – деди окуяга күбө болгон жашоочулардын бири.

Ал ортодо Навшахар айылында 2-июлда болгон "суу жаңжалы" боюнча иш сотко өттү. Бул тууралуу ал жаңжалга катышкан жергиликтүү тургундар билдиришти.

– Сугат суунун жетишсиздигинен улам дыйкандар менен кластер жумушчуларынын ортосунда жаңжал чыккан. Ал дыйкандарга суу бербеш үчүн атайын уюштурулган. Жергиликтүү ички иштер башкармалыгына барып көрсөтмө берип келдик. Күн мурун иш сотко өттү, – деди Эркин Гаппаров атуу жергиликтүү тургун.

Ангор райондук ички иштер башкармалыгы бул маалыматты ырастап, иштин алкагында эки кишиге "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айып тагылганын билдирди.

Ушул күндөрү Өзбекстандын дээрлик бардык облустарында сугат сууга байланыштуу жаңжалдар чыгып жатканы кабарланууда. Айрым жерлерде суу бөлүшө албаган дыйкандар бири-бирине кол салган учурлар да катталууда.

Өлкөнүн Суу чарба министрлигинин өкүлү сугат суунун тартыштыгына байланышкан абал атайын комиссиянын көзөмөлүндө экенин, тынчсызданууга негиз жоктугун билдирүүдө. Анын айтымында, атайын түзүлгөн комиссия жер-жерлердеги абалга көз салып жатат.

24-февралда президент Шавкат Мирзиёев төрагалык кылган видеоселектордук жыйында быйыл сугат маалында "суу нормадан 25% аз болору" айтылып, Суу чарба министрлигине суу берүүдө маселелер жаралбашы үчүн тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилген.

Бирок азырынча бул чаралар суу берүүгө лимит киргизүү жана сууну график боюнча берүү менен гана чектелүүдө.

Видео

Видео

Кыргызчаны оңой үйрөткөн мугалим
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:07 0:00
XS
SM
MD
LG